КЫРГЫЗ КЫЗЫЛ ТҮСТҮҮ КОМПЛЕКСИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРГЫЗ КЫЗЫЛ ТҮСТҮҮ КОМПЛЕКСИ – бор
мезгилинен неогенге чейин пайда болуп, Кырг-нда кеңири тараган кызыл түстүү тектер. Терминди биринчи жолу 1948-ж. С. С. Шульц киргизген. Катмарлары Ысык-Көл ойдуңунда,
Чүй, Нарын, Фергана өрөөндөрүндө кездешет.
Бийик тоо этегиндеги адырларда, бөксөлөрдө, ойдуңдарда антропоген тектери м-н жабылып жатат. Негизинен кум, топурак, кумдук, паттум, гравеллит, конгломераттан турат. Калыңдыгы 150–200 мден 1,2–1,5 кмге чейин жетет.
Комплексти кыргыз свитасы (F3–N1) деп да аташат. Катмардын арасында таш туз, гипс, чопо
жолугат.