КЫРГЫЗ КАМВОЛДУК-НООТУ КОМБИНАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ КАМВОЛДУК-НООТУ КОМБИНАТЫ – ачык акционердик коом (2004), Борб. Азиядагы текстиль өнөр жай компаниясы. Бишкек ш-нда жайгашкан. Комбинат 1963-ж. негизделген. Негизги продукциялары: костюм, пальто ж-а көйнөк үчүн жарымы жүндөн ж-а таза жүндөн токулган камволдук ж-а нооту кездемелери, жиптер, о. эле шалы жоолуктар, жууркандар Россияда, Өзбекстанда, Казакстанда, Италияда, Индияда, Түркияда кеңири белгилүү. Өндүрүш көпчүлүгү чет мамлекеттен сатып алын­ган технол. жабдуулар м-н жабдылган.