КЫРГЫЗ КАГАНДЫГЫ
КЫРГЫЗ КАГАНДЫГЫ – болжол м-н б. з. ч. 1-к-дан мурда түзүлгөн Борб. Азиядагы ири мамлекеттин бири. Тан династиясынын (б. з. 618–907) тарыхында (Тан-шу) кезиккен К. к. ж-дө алгачкы маалымат б-ча байыркы мезгилде хунндардын батыш чек арасынан орун алган Хакяньсы, Хагас, Хягас, Гяньгунь (кээде Гюйву, же Гйегу) деп аталган (к. Ге-гун) мамлекет Хаминин (Комул) батышында, Кара-Шаардын түндүгүндө ж-а Ак-Тоонун (Ала-Тоо) жанында жайгашкан.
Б. з. ч. 50-жылдары хунн башкаруучуларынын (шанүй) бири Чжичжы түндүктө динлиндерди жеңип, батыштагы Гяньгунь мамлекетин талкалаган. Б. з. 3-к-нда гяньгундардын ээлиги Кангүйдүн түн.-батышынан орун алып, 30 миң тандамал аскери болгон. 5-к-дын башында аны жужаңдар басып алган. Түрк кагандыгы түзүлөрдүн (552) алдында К. к. (Хягас) кайрадан күчтүү мамлекетке айланып [чыгыштагы чек арасы гулигандар турган жер (Байкал), түштүгү Тибет, түш.-батышта гэлолуга (карлуктар) чейин созулган деп түшүндүрүлөт], аймак жагынан түрктөргө (тукюе) тең тайлашкан. К. к-нын жүз миң түтүн эли, 80 миң аскери болгон. Түрк кагандыгы күч алганда (553-жылдан кийин), Муюй хан Корей булуңунан Батыш деңизге (Жер Ортолук же Каспий) чейинки аймакты багындырып, түндүктө кыргыздарды (Цигу) да жеңип алган. Ушул мезгилден баштап жазма булактарда Түш. Сибирдеги К. к. ж-дө маалыматтар пайда болгон (к. Енисей кыргыздары, Кыргыздар). Бул учурда кыргыздардын мамл. адм. башкаруу түзүлүшү калыптана баштаган. Кагандын мамлекет башкара турган үч министри (Гйесибей, Гюйшабо-бей, Ами-бей) болгон. 648-ж. кыргыз элтебери (Сылифа) Шибокюй Ачжанды Кытай императору Тайцзундун кабыл алганы ж-а кыргыздар ээлеген аймак Гянь-гунь деп аталган маалыматтар бар. К. к. Кытайга 650–83-ж. 2, 713–55-ж. 4 жолу элчи жиберген (к.
Кыргыз-кытай дипломатиялык алакалары). 758-ж. уйгурлардын басып алышы м-н хягас элчилери Кытайга барбай калган, бирок араб ж-а карлуктар м-н соода мамилесин күчөткөн. 820-ж. К. к. м-н Уйгур кагандыгынын ортосунда согуштар башталып, 840-ж. кыргыздар уйгурлардын борбору Ордо-Балык ш-н басып алган. 9-к-дын орто чени – 10-к-дын башында К. к. кайрадан күчтүү мамлекетке айланып, бул мезгил илимде «Улуу Кыргыз державасы» деп аталып калган. 11–12-к-да К. к-нын ээлиги Саян-Алтай аймагы м-н гана чектелген. 1207-ж. кыргыз бийлери (инал) моңгол баскынчыларына согу шс уз багынып беришкен. 1291-ж. к ыпчак - тардын б ашчысы Тутуха енисейлик кыргыздарды басып алып, аларга жардамга жиберилген Хайдунун колун кошо талкалаган. Бул жактагы кыргыздар ж-дө акыркы кабар 1295-ж. кезигет. Анда кыргыздардын бир тобу Алтайдан Шаньдун аймагына көчүрүлгөнү тууралуу маалыматтар айтылат.
Ад.: Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока, М., 1960; Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии, истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998; Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Абрамзон С. М. Кыргыз ж-а Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы, Б., 2001.