КЫРГЫЗ ЖЫЛКЫСЫ
КЫРГЫЗ ЖЫЛКЫСЫ – кыргыздын жерг. жылкысы; байыркы жылкынын бири. Өзбекстан, Тажикстан ж-а Казакстанда да асыралат. Тоолуу жерде жыл бою үйүрлөштүрүп багуу шартында алынган. Борб. Азиянын түштүгүндөгү жылкы м-н аргындаштырылган. Азыркы К. ж. тукур, чымыр, мойну кыска, соорусу жазы, өңү көбүнчө тору же жээрде. К. ж-нын орт. өлчөмү: өркөчүнөн бийикт. 136,0–140,3 см; тулку боюнун уз. 141,2–142,8, көкүрөк курчамы 165,2–169,6, бутунун жоондугу 17,8–18,4 см. Бул жылкынын ирилери Ысык-Көл, Чүй, Талас ж-а Фергана өрөөндөрүндө таралган.

Кичинелери Тянь- Шань, Памир, Алай ж-а Алтайдын тоолуу райондорунда кездешет. К. ж. кеч (7–8 жылда) жетилет, багууну анча талап кылбайт, жыл бою жайытта багылат, кышкы суукка байымдуу, карды тээп оттойт. Ал көбүнчө миңги ж-а көлүк катарында колдонулат. Бээси төлчүл (100 бээден 80–85 кулун), сүттүү (суткасына орт. 13 л). Ал кыргыз жаңы жылкысын чыгарууда пайдаланылган.