КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ (КББА)
КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ (КББА) – мамлекеттик илимий мекеме. 1951–92-ж. Кыргыз пед. ил.-изилдөө ин-ту (КырПИИИ), 1991–2003-ж. Кыргыз билим берүү ин-ту (КББИ), Информатика ж-а информ. технологиялар ин-ту бириктирилип, КР Өкмөтүнүн токтомунун негизинде 2002-ж. 3-сентябрда КББА болуп түзүлгөн. Милдеттери: билим берүүнүн натыйжалуулугун арттыруу, сапатын жогорулатуу, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине киришүүсү, ил.-пед. уюмдарды бириктирип, билим берүүнүн теор. ж-а практикалык маселелерин чечүү; мектепке чейинки, мектептик, орто ж-а жогорку кесиптик билим берүүнүн фундаменталдык ж-а

колдонмо изилдөө багыттарын аныктоо ж-а изилдөө; окуу-тарбия процессин ил.-теор., ил.-методикалык жактан камсыздоо; пед. кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо ж-а кайра даярдоо; билим берүүнү информациялаштыруу ж. б. КББАда 4 борбор ж-а 1 бөлүм иштейт: 1) мектеп ж-а мектепке чейинки билим берүү борбору; 2) пед. кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо ж-а кайра даярдоо борбору. 1945-ж. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу ин-тунун негизинде түзүлгөн. Ю. М. Мусин, Б. К. Кадырова, Т. О. Өскөнбаев, Н. М. Чжен ж. б. ин-ттун уюштуруучулары болушкан; 3) кесиптик билим берүү борбору 1997-ж. уюшулган; 4) инновациялык-информ. технологиялар борбору; 1975-ж. жогорку окуу жайлар аралык эсептөө борбору болуп түзүлгөн, кийин Респ. жаңы маалымат технологиялар борбору, 1999-ж. Информатика ж-а информ. технологиялар ин-туту, 2003-жылдан Инновациялык-информ. технологиялар борбору болуп, КББАнын курамына кирген; 5) уюштуруу, ил.- методикалык ж-а басма иштер бөлүмү. «Кыргыз билим берүү академиясынын кабарларын» чыгарат. КББАнын ил. китепканасы, окуу кабинеттери бар; чакан басмаканасы керектүү жабдыктар м-н жабдылган. Президенттери: А. Жайнаков (2003), К. А. Калдыбаев (2003–07), А. М. Мамытов (2007-жылдан).