КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ДИПЛОМАТИЯЛЫК МАМИЛЕЛЕРИ
КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ДИПЛОМАТИЯЛЫК МАМИЛЕЛЕРИ (о. к ы л ы м д а н – 18-к-д ы н а яг ы н а ч е й и н) – кыргыздар м-н Кытайдын
ортосундагы өз ара эл аралык расмий карымкатнаштары. О. кылымдарда Енисей кыргыздарынын, соңку мезгилдерде (18–19-к.) Теңир-
Тоо кыргыздарынын кытайлар м-н мамилелери тарыхый жагдайларга жараша өнүгүп келген. Тан императору Вэнь-цзундун (827–841)
ж-а У-цзенин (841–846) башкаруу мезгилинде
министрлик кызматта иштеген Ли Дэ-юй Кытайдын кыргыздар ж-а уйгурлар м-н болгон мамилелерин чагылдырган расмий документтерди
чогулткан. Анда кыргыздардын Борб. Азияда
өз алдынча мамл. бирикмеси түзүлүп, аскердиксаясий күчкө ээ болгон учурундагы (к. Енисей кыргыздары, Кыргыздар, Кыргыз кагандыгы) Кытай м-н өз ара элчилик-дипл. карым-катнаштардын өнүгүшү ж-дө маалыматтар камтылган. Ли Дэ-юй түзгөн жылнаамада К.-к. д. м. биринчи жолу 632-ж. император Тай-цзундун кызматкери Ван И-хунду кыргыздарга элчи кылып жибергендиги м-н эскерилет. Кыргыз (цзяньгун)
өлкөсү биринчи элчилигин Кытайга 643-ж.
жөнөткөн. Ал эми 648-ж. кыргыз падышасы Сылифа (бийлик баскычындагы 3-даража) Шибокюй (Сибоцюй) Ачжан башында турган кыргыз элчилери Кытай императорунун сарайында кабыл алууда болгон. Император Тай-цзун ага сол канат гвардиясынын ардактуу генералы
«Цзо-тунь-вэй-цзянь-цзюнь» аскер чинин ж-а Кыргыз («Цзянь-кунь») обл-нун генерал-губернатору деген кызмат ордун берген. Кытай жылнаамаларында кыргыздардын бир нече жолу
Кытайга баргандыгы (707–723) тууралуу маалыматтар кездешет. Мындай байланыштар эки тараптын ортосундагы соода-экон. мамилелердин
өнүгүшүнө шарт түзгөн. 758-ж. Борб. Азия көчмөн уруулары, а. и. кыргыздар Уйгур кагандыгынын үстөмдүгүндө калгандыгына байланыштуу жүз жылга жакын Кытай м-н болгон дипл. байланыштар үзүлүп, 9-к-дын орто ченинде кай-

радан жанданган. 842-ж. Тяньдэцзюнга (император сарайына) кыргыз каганынын каты м-н элчи Та-бу Хэцзу (Тапу Алп Сол) келген. 843-ж. кыргыз каганынын атынан Чжу-у Хэсу-
Чугу Алп Сол 2 аргымак алып барган ж-а кыргыздарды өтө урматтагандыктан, император аны манжур хандыгынан келген элчиден жогору отургузуп, кыргыз каганынын сүрөтүн тартып
алууга буйрук берген. 860–873-ж. кыргыздардын
атынан элчилер 3 жолу барган. Алгачкы кыргыз-кытай мамилелери Тан империясы кулаганга чейин (907) уланган. Мындан кийин соңку о. кылымдарда Енисей кыргыздарынын Кытай м-н болгон дипл. мамилелери тууралуу тарыхта эч кандай маалыматтар эскерилбейт. О. кылымдардагы К.-к. д. м. Кыргыз кагандыгынын Кытай м-н өз алдынча элчилик-дипл., о. эле соода-экон. ж-а саясий байланыштардын өкүм сүргөндүгүн ырастайт. К.-к. д. м. Жуңгар хандыгы кулагандан (1758) кийин гана Теңир-Тоо кыргыздары м-н уланган. Анда эки тараптын ортосундагы саясий мамилелерди жөнгө салуу, кыргыздардын көчүп-конуу чек араларын ж-а конуш-жайыттарын аныктоо маселелери м-н байланышкан. Бул мезгилде Цин-Кытай империясы Чыгыш Түркстанды каратып алып, коңшу аймактарга да экспанциялык саясат жүргүзүү м-н кыргыз-казак конуштарына доомат артып баштаган. Аны м-н бирге эле Чыгыш Түркстандын Цин бийликтеринин үстөмдүгүнө каршы башталган кыймылдарга кыргыздардын тиешеси бар экендиги ж-а алар м-н бейтарап мамиле түзүү максатында 1758-ж. июнь айында Синьцзяндагы Кытайдын аскер бийликтери Урдэн, Толуньтай, Идамчаба ж-а Линьбао башында турган чабарман-элчилерин жиберген. Алар кыргыз конуштарында болуп, императордун жарлыгы м-н кыргыз башчыларын тааныштырган. Ошол эле жылдын август айында түн. кыргыз урууларынын чоң бийи Маматкул Цин императоруна Черикчи Темир уулу, Түлкү Айта уулу, Шербек Жакшыбай уулу ж-а Нышаа Кудайменде уулун элчиликке жөнөткөн. Орус маалыматтары б-ча 1758-ж. күзүндө Каңгайга салбыруунга келген Богдо ханга (императорго) жыйырмага чукул бурут өкүлдөрү баргандыгы ж-а андан ары аны м-н бирге Пекинге беш адам кеткендиги эскерилген. Кыргыз элчилери император Цянь-Лундун (1736–95) алдында кытайлар
доомат арткан Ысык-Көлдүн чыгышы (Кеген-
Каркыра, Иленин башы, Текес ж. б.) эзелтен бери эле кыргыздын ата-конушу экенин бышыкташкан. Кыргыздардын Чыгыш Түркстан маселесине кийлигишпөөсүн ж-а өз алдынча көчүп-конуп, чек ара бузуп, конуш которбоосун талап кылышып, 1759-ж. Доктон баштаган Цин бийликтеринин чабармандары түш. кыргыз урууларынын башкаруучусу Ажы бийдин алдына барышкан. Аларга жооп кылып Ажы бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Синьцзяндагы Кытай бийликтерине жиберген. Чыгыш Түркстандагы түзүлгөн саясий кырдаалга байланыштуу 1760-ж. чек ара аймактарында жашаган чоң багыш, черик урууларынын атынан да Цин императоруна элчилер барган.
Ад.: Кузнецов В. С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии. Новосибирск. 1983; Сапаралиев Д. Взаимотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами XVIII веке. Б., 1995; Бартольд В. В. Избранные труды по истории народов и Кыргызстан. Б., 1996; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003. Т. 2.
Т. Асанов.