КЫРГЫЗ-АТА УЛУТТУК ПАРКЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ-АТА УЛУТТУК ПАРКЫ 1992-ж. уюштурулган. Алай кырка тоосунун түн. капталындагы арча токойлорунун жакшы сакталган, өтө сейрек учуроочу массивдери тараган орто бийик тоолуу аймакты камтыйт. Аянты 11 172 га. Паркта Памир-Алай тоо системасына мүнөздүү өсүмдүктөр, жаныбарлар корголуп, Фергана ойдуңундагы калктын эс алуусуна ыңгайлуу шарттүзүлгөн.