КЫРГЫЗСТАН ПРОФСОЮЗДАР ФЕДЕРАЦИЯСЫ
КЫРГЫЗСТАН ПРОФСОЮЗДАР ФЕДЕРАЦИЯСЫ (1990-ж. чейин Кырг-н профсоюздарынын совети) – өлкөдөгү эмгекти коргоо б-ча иш алпаруучу коомдук уюм; КРдин профсоюздарынын аткаруучу органы. Негизги милдеттери: мүчө болуп кирген уюмдардын ишмердүүлүгүн камсыздоо, координациялоо; эмгекчилер ж-а эмгекти коргоо ж. б. маселелер б-ча мыйзам долбоорлорун, нормативдик актыларды иштеп чыгып, мамл. бийлик органдарына сунуштоо; эмгек, жашоо-тиричилик, социалдык камсыздоолорго (иш күнү, эс алуу, дарылануу, пенсия ж. б.) байланыштуу кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын контролдоо; профсоюздук уюмдарга укуктук, методикалык ж. б. жардам көрсөтүү; чет өлкөдөгү профсоюз уюмдары м-н тыгыз байланыш түзүү; профсоюз мүчөлөрүнүн ж-а алардын үй-бүлөсүнүн ден соолугун чыңдоо б-ча мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу ж. б. Профсоюздардын советин түзүү ж-дө 1924-ж. 11-декабрда Кара-Кыргыз АОнун рев-ялык к-ти чечим кабыл алган. 1925-ж. 31-марттан 3-апрелге
чейин Кырг-н профсоюздарынын 1-уюштуруу съезди болуп, профсоюздардын обл. совети түзүлгөн. 2-дүйнөлүк согуштун алдындагы саясий абалга байланыштуу Кырг-н профсоюздарынын совети 1937-ж. жоюлуп, 1948-ж. кайрадан калыбына келген. 1990-ж. октябрь айында Кырг-н профсоюздарынын 16-съездинин чечимине ылайык жаңы Устав кабыл алынып, К. п. ф. болуп түзүлгөн. 2007-ж. 1-январга карата К. п. ф-нын 23 борб. ж-а респ. профсоюз
к-ти иштеген, 6 обл. профсоюз уюмдарынын 660 000 мүчөсү болгон. К. п. ф-нын жогорку органы – съезд (5 жылда бир чакырылат). К. п. ф-нын төрагалары: Г. Н. Петров (1925–26), М. Токобаев (1926–37), М. Дөгдүров (1948–58), С. Сыдыгалиев (1958–62), Т. Балтагулов (1962– 66), Э. Абакиров (1966–73), Б. Салиева (1973– 95), С. Саспеков (1995–2000), С. Бозгунбаев (2000–08), Т. Т. Иманалиев (2008–09), И. З. Рысалиев (2009–10), К. Осмонов (2010-жылдан).