КЫРГЫЗСТАН КАЛКЫНЫН БИРИНЧИ КУРУЛТАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗСТАН КАЛКЫНЫН БИРИНЧИ КУРУЛТАЙЫ – 1994-ж. 21–22-январда Бишкек ш-нда өткөн расмий жыйын. Ага Кырг-нда тү­зүлгөн 24 улуттук борбордун өкүлдөрү ж-а чет өлкөлүк меймандар катышып, Кырг-ндын ке­лечектеги кызыкчылыгы ж-а анын максаты ж-дө маселелер талкууланган. Анда жерг. улут­тун 40тан ашык өкүлдөрү, о. эле Казакстан (А. Нурпейисов), АКШ (сенатор Х. Хемпри) ж. б. бир нече мамлекеттен келген меймандар сөз сүйлөп, респ-нын көп улуттуу элин биримдик, ынтымакка үндөшкөн. Мамл. тилдин өнүгүшү, анын келечек тагдыры ж-дө да маселелер кара­лып, азырынча кыргыз тилин окуп-үйрөнүү үчүн базанын али түзүлө электиги белгиленген. Ку­рултайдын атынан «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» деген ураан алдында Кырг-нда жаша­ган бардык элдерге кайрылуу жолдонуп, улут­тук биримдик, улуттар аралык тынчтык, ын­тымактуулукка чакырган декларация кабыл алынган. Курултайда Кыргызстан калкынын ассамблеясы түзүлгөн. Э. Турганбаев.