КЫРГЫЗСТАНДА ТАП КҮРӨШҮНҮН ЖҮРҮШҮ
КЫРГЫЗСТАНДА ТАП КҮРӨШҮНҮН ЖҮРҮШҮ – тап күрөшүнүн дүйнөлүк маанисине басым жасалган марксисттик-лениндик теориянын Кырг-нда аткарылышы. Ал жеке менчикти коомдук менчикке алмаштыруу, «империализм капитализмдин акыркы стадиясы», жумушчу табынын дүйнөлүк рев-ядагы жетекчилик орду, адамзаттын эң бийик тилеги болуп эсептелген келечектеги «жаркын жашоо – коммунизмди куруу» урааны алдында жүргөн. К. т. к. ж. же бай-манаптарды тап катары куугунтуктоо негизинен Совет бийлиги (к. Советтик Социалисттик Республикалар Союзу) орногондон тартып башталган. Анткени, бийлик иш жүзүндө байманаптардын колунда калып, жер-жерлердеги сов. парт. уюмдар алсыз болушкан. Ошондуктан жаңы бийликтин алдында биринчи орунга бийликтен ажырап калбоо маселеси чыгып, Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездинде (1927) кабыл алынган «Бай-манаптарды республикадан айдоо жөнүндө» токтомунун негизинде кыргыздын билимдүү, алдынкы адамдары алыс жерлерге жер которууга тийиш болгон (мис., К. Чокоев, А. Акылбеков, Шабданов Самүдүн, Мөкүш, Кемел ж. б.). Тап катары жоюлгандар жалган жалаалардын негизинде айдалып, көбү мекенине кайтпай калган. 1920– 30-жылдарда К. т. к. ж. өзгөчө күч алган. В. И. Лениндин осуяттарын жетекчиликке алган ВКП(б) БКнын «Туташ коллективдештирүүгө жаткан райондордо кулак чарбасын жоюу боюнча чаралар жөнүндө» деген токтому (1930, январь) ж-а «Правда» гезитине жарыяланган И. Сталиндин «Ийгиликтен баш айлануу» деген макаласына (1930, март) байланыштуу колхоздоштурууда кетирилген кемчиликтер үчүн жерг. парт. ж-а сов. уюмдар катуу сынга алынып, жумушчу табы м-н дыйкандар союзун бузуп, соц. түзүлүштүн ишке ашышына коркунуч тийгизе турган илдет катары бааланган. Натыйжада, айыл-кыштакта өз эмгеги м-н жашаган оокаттуу дыйкандар, о. эле а. ч-нда жалданма эмгекти пайдаланган майда буржуазиялык элементтер да кулак болуп таанылып (к. Кулактар), аларды тап катары жоюу күч алган (к. Кулакка тартуу, Кыргызстан Коммунисттик партиясы). Чынында эмгекчи дыйкан гана акырындап оокаттуу дыйканга (кулак) айланып, тескерисинче чарбасын жакшы уюштура албаган, дарамети чак кулак кайрадан орто дыйкандын катарын толуктап калганы эске алынган эмес. Оокаттуу дыйкандар аргасыз большевиктик диктатурага каршы чыга турган күчкө айланып, ушундай абалда жер-жерлерде большевиктерге каршы козголоңдор болуп өткөн (мис., Ак-Суу, Талас, Түп ж. б.). Оокаттуу дыйкандарды кулакка тартып, мал-мүлкүн тартып алуунун натыйжасында көпчүлүгү малын союпсатып, туугандарына таратып, чарбасын жоюп, кедей-дыйкан болуп калууга тырышкан. Өтө байлары жер которуп, башка район эле эмес, чет өлкөгө (Афганстан, Кытай ж. б.) кетишкен. Атаандашууга, жеке кызыкчылыкка жасалма бөгөт коюлгандан кийин помещик, ири капиталист ж-а соодагерлер тап катары жоюлуп, жеринен ажырап, унаа-шаймансыз калган кедей-дыйкандар жумушчуга айланып, шаарларга көчүшкөн. Мындай абал элдин жакырдануусуна ж-а жер-жерлерде ачарчылыктын жүрүшүнө таасир берген.
Ад.: Курманов З. К. Политическая борьба в Кыргызстане: 20-е годы. Б., 1997.
Э. Турганбаев.