КЫРГЫЗПОЛИГРАФКОМБИНАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗПОЛИГРАФКОМБИНАТЫ Т. С у в а н­б е р д и е в а т н. 1966-жылдын май айында ишке киргизилген. О. Азиядагы китеп басып чыгаруучу эң ири полиграфия ишканасы бол­гон. Комбинат ар түрдүү ад-ттарды, окуу китеп­терин, окуу куралдарын, түстүү сүрөттүү ар кан­дай продукцияларды, элге керектүү майда то­варларды ж. б. продукцияларды чыгарууга ба­гытталган. Ишкана негизги терүү, басма, мука­балоо цехтеринен ж-а жардамчы технол., тех. бөлүмдөрдөн турган. Ошол убактагы заманбап техника м-н жабдылса да китеп өндүрүү про­цесстеринин көпчүлүгү механикалаштырылган эмес. 1970–80-жылдарда автоматташтырылган техника, жаңы технология ж-а материалдар өз­дөштүрүлүп, жаңылануу ургаалдуу жүргөн. «К.» алгачкы «Кыргыз совет энциклопедиясын», ар кандай форматтагы китептерди басып чыгарган. Китеп басуу жаатында башка респ-калардын бас­малары м-н кызматташып турган. Ишканада Москва, Ленинград, Киев, Львов ш-нын окуу жайларында жогорку ж-а атайын орто билим алган жогорку квалификациялуу жумушчу адис­тер иштеп, улуттук кадрлар даярдалган, союз­дук борб. ишканаларда кесиптик билимин жо­горулатып турган. Комбинат чыгарган басма продукциянын 90%и окуу китептерине туура келген. Комбинатта даярдалган китептер жо­горку сапатта болуп, О. Азия, Казакстан Респ­нын, эл аралык «Искусство книги» конкурста­рында көптөгөн жогорку байгелерге ээ болгон. Ийгиликтүү иши үчүн союздук маанидеги Өтмө Кызыл Туусун 21 жолу жеңип алган. Комбинат ишке киргизилген күндөн 25 жыл бою жетек­теп, басма ишинин өнүгүшүнө чоң салым кош­кон Т. Суванбердиевдин ысмы ишкана жайгаш­кан көчөгө ж-а ишканага 1995-ж. ыйгарылган. Рынок экономикасына ыңгайлаша албаган иш­кана 1990-жылдардын 2-жарымында К. начар­лай баштап, 1998-ж. ААКка айланган ж-а 2008-ж. ишин токтоткон. Ж.

Шайыкбекова.