КЫПЧУУР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫПЧУУР , к л е щ и – 1) м е х а н и к а л ы к К. – кайра иштетүүчү жайда (темирчи К.) даярдалуучу нерсени кармоо үчүн чымчыгыч түрүндөгү курал. О. эле мыкты сууруп алуудак олдонулат. 2) Т о к ө л ч ө г ү ч К. – электр чынжырындагы 10 кВ чыңалууга чейинки өзгөрмөлүү ток күчүн ченөөчү, алып жүрүүгө ыңгайлуу түзүлүш. Ал изоляцияланган туткасы ж-а ар кандай өлчөмдөгү К-лары бар киндиктен (сердечник) турат. Ченеп-аныктооч аспап туташтырылган ором киндикте жайгашкан.