КЫПЧАК КЫРГЫНЫ
КЫПЧАК КЫРГЫНЫ (Кокон хандыгында) – 1850-жылдардын башындагы кандуу окуя. 1844-ж. кыпчак бийи Мусулманкул 14 жаштагы Кудаяр ханга аталык болгондугуна байланыштуу, бардык бийликти өз колуна топтоого жетишкен. Хандыктагы саясий бийлик иш жүзүндө кыпчактардын колуна өткөн. Кокон хандыгында ошол эле учурда кыпчактардын ичинде өз ара атаандашуулар күчөп, эки саясий топко бөлүнүп, ар бир топ Кудаяр ханды өз жагына тартууну көздөгөн. Мындай абал отурукташкан калктын, а. и. көчмөн кыргыз төбөлдөрүнүн нааразылыгын күчөткөн. Алайлык Алымбек датка баштаган кыргыздар, Ташкент ш-нын кушбеги кыпчак Нармамбет ж. б. Мусулманкулдун бийлигине каршы оппозицияга өтүшкөн.
1850–51-ж. Нармамбет ташкенттик казактарды
ж-а таластык, чүйлүк кыргыз бийлерин колго алуу м-н абалын бекемдеп, Мусулманкулга каршы ачык күрөшкө чыккан. Аны ордодогу өзбек, кыргыз, ал түгүл кыпчактын кээ бир белгилүү адамдары да колдогон. 1851-ж. Кудаяр хандан колдоо алышкан бул топ кыпчактарга каршы козголоң уюштуруп, Кокон ш-ндагы кыпчактарды кырып салышат. Көп өтпөй Кудаяр хан да Мусулманкулга каршы топко кошулган. Былкылдама деген жерде (Эки-Суу арасы) Кудаяр хан м-н Мусулманкулдун аскери беттешип, кармашта 1500гө жакын кыпчак өлүп, сөөктөрү Кара-Дарыяга ыргытылган. Мусулманкул туткундалып, анын көзүнчө ордого чейинки ар бир 100–200 кадам сайын 5–10 кыпчактын башы алынып турган. К. к. 1852-ж. күзүндө Мусулманкул дарга асылганга чейин уланган. Жазма маалыматтар б-ча Кокон хандыгында 1851–52-ж. жалпысынан 20 миң чамалуу кыпчактын кырылгандыгы ырасталат.
Ад. Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Терентьев М. А. История завоевания Средней Азии. Т. 1. СПб., 1906; Набиев Р. Н. Из ис тор ии Кок анд ско го ха нст ва (фе ода льн ое хозяйство Худояр хана). Таш., 1973; Плоских В. М. Киргизы и Кокандское ханство. Ф., 1977; Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., 1997; ошонуку эле. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана, Т. 2. Б., 2000; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004.
Ж. Алымбаев.