КЫМЫЗДЫКТЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫМЫЗДЫКТЫ МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түш. тармагынын түн. Капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,3 км, аянты 6,2 км2. Кызыл-Суунун (чыгыш) сол куймасы –Көк-Суунун алабынан орун алган. Башы деңиз деңг. 4600 м, этеги ж-а кар чеги 4300 м бийикте жатат. Абляциясынын аянты 4,1 км2. Куралуу аймагы тоонун кырын бойлой дого сымал созу­луп, «тили» кууштап кетет. Мөңгүдөн Кымыздыкты суусу (Көк-Суунун сол куймасы) башталат.