КЫЛЫЧЕВ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛЫЧЕВ Абдрасул (1919, азыркы Нарын обл., Нарын р-ну, Ак-Кыя айылы – 16. 6. 1951, Фрунзе) – акын, котормочу, журналист, 1942-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1939-ж. Фрунзедеги мугалимдер ин-тун, кийин Респ. парт. мектепти, 1942-ж. аскердик окуу жайын бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Мектепте мугалим, «Тянь-Шань правдасы», «Ленинчил жаш» гезиттеринде, Кыр­гызмамбаста иштеген. 1949-ж. «Ырлар» аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. Анын «Жаш акындар» (1942), «Эне» (1967), «Мурас» (1979) ырлар ж-а поэмалар жыйнактары бар. Ал Г. Х. Андерсендин жомокторун ж-а көптөгөн орус акындарынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.