КЫЙЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЙЫР – чүкө оюнунун бир түрү. Оюнга эки же андан көп бала (киши) катышат. Катышуучулардын баары бирден чүкө тигип, сака калчашып, кезек м-н атышат. Биринчи атып, чүкөгө тийгизген ж-а сакасын айкүр тургузган оюнчу чүкөнү алат. Эгер атканда сака бөк же бир чүкө чик түшсө (же тескерисинче түшсө), ошол гана чүкөнү алат. Сака чүкөгө тийип таа консо (же чүкөгө тийбесе), чүкө алынбайт. Оюнчулар бир сыйра атып бүткөн соң, экинчи сыйра атышууда кимдин сакасы чүкөлөрдөн алыс болсо, ошол биринчи атат да, чүкөгө тийгизип, сака­сы кыйырдай (чүкөлөрдү кол м-н шилей) тур­ган жакын жерге түшүп, сакасы айкүр турса, бүт чүкөнү алат. Эгер кыйырга эңкейип жетпей, жер таянып жетсе, «тайнеке-сулаке» деп биринчи озунуп айтса, жата калып сакасы м-н чүкөлөрдү шилеп алат. Эгер андан кийин атуучу балдардын бирөө озунуп «тайнеке-сулаке» меники деп койсо, ага чейинки балдардын эч кимиси жата калып шилебей, жалпы тартипте чүкөнү мээлеп атып, түпкө жакындап, кийинки кыйырдоочу кезегин күтөт. Оюн улана берип, тигилген чүкөлөр бүткөндө, кайра башынан ойнолот.