КЫЙНОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЙНОО – кызматтык кылмыштын бир түрү. Ага кызмат адамы тарабынан кандайдыр бир маалымат алуу же аны бирөөнүн мойнуна алдыруу үчүн жазалоо, о. эле коркутуу, уруп-сабоо ж. б. К-лор кирет. Кылмыш курамынын түз объектисине мамл. органдын укук-нормативдик ишмердүүлүгү, ал эми адам өмүрүнүн коопсуздугу же саламаттыгы кошумча объект болуп са­налат. К. учурунда саламаттыгына залал кел­тирилген же өмүрүнүн коопсуздугуна коркунуч туулган адам жабырлануучу деп таанылат. Кыл­мыш курамына: а) жасаган же жасады деп шек туудурган аракет м-н адамдан маалымат алуу же аны мойнуна алдыруу үчүн жазалоо, о. эле коркутуу; б) белгилүү бир аракет жасоого маж­бурлоо максатында атайылап уруп-сабоо же азапка салуу ж. б. К-лор кирет. Акыл-эси соо, 16 жашка толгон К. кылмышын аткарган кызмат адамы же кызмат адамынын көрүп-билүүсү же макулдугу м-н ушул эле кылмышты жаса­ган башка адамдар кылмыш субъектиси деп табылат.

К. А. Бодобаев.