КЫЗЫЛ БАШТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ БАШТАР (шииттердин 12 имамынын урматына 12 тилкелүү кызыл тебетей кийгендер дегенден чыккан сөз) – Кичи Азия м-н Азербайжандагы көчмөн түрк урууларынын бирикмеси. К. б. Сефевиддер династиясынын башкы аскер таянычы болуп, алардын шайыктарынын башчылыгы м-н Грузия, Трапезунд империясына ж. б. коңшу өлкөлөргө кол салышкан. К. б. Исмаил Сефевинин жетекчилиги м-н 16-к-дын башында Ак-Койлуу мамлекетин талкалап, Ис­маилди шах көтөрүп (1502), Сефевиддер мамле­кетин негиздешкен. К. б-дын ак сөөктөрү бул мамлекетти 16-к-дын аягына чейин бийлеген. 16-к-дын аягында шах Аббас I туруктуу армия түзгөндөн кийин К. б-дын ж-а алардын кошуундарынын саясий мааниси аябай төмөндөгөн. 16–17-к-дагы расмий орус документтеринде Сефе­виддер мамлекетинин букараларынын баары К. б. деп аталган.