КЫЗЫЛ АРМИЯНЫН УЛУТТУК БӨЛҮКТӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ АРМИЯНЫН УЛУТТУК БӨЛҮКТӨРҮ – Түркстан крайлык советинин 5-съездинин (1918-ж. апрель-май) Түркстанда Кызыл Армиянын бөлүктөрүн уюштуруу ж-дөгү токтомуна ылайык түзүлгөн Жети-Суудагы аскер кошуун­дары. 1919-ж. кыргыз, казак, уйгур, дунган ж. б. улуттардан куралган эки эскадрон (бири 162, экинчиси 180 жоокерден турган атчандар полку) уюштурулуп, Совет бийлиги үчүн күрөшкөн. Алар негизинен жумушчу-дыйкандардан турган. Кыргыздардан Ж. Саадаев, С. Каралаев, К. Баялинов ж. б. белгилүү адамдар өз каалоосу м-н катышкан. 1919-ж. 29-сентябрда Түркстан АССРинин Рев-ячыл Аскер советинин токтому м-н Түркстан фронтунун рев-ячыл аскер сове­тинин карамагына өтүп, ошол эле жылдын 22-ноябрындагы Түркстан фронтунун аскер со­ветинин буйругуна ылайык Жети-Суудагы бардык аскер бөлүктөрү дивизия укугун алып, өзүнчө Жети-Суу кошууну аталган. 1919-ж. 20-декабрда 3-Түркстан атчандар дивизиясына бириктирилген. 1920-ж. жай айларында Совет бийлигине каршы кыймылдын күч алышына байланыштуу Түркстан фронтунун командачысы М. Фрунзе ж-а Түркстан БАКтын төрагасы Т. Рыскуловдун буйругу м-н 19–35 жаштагы аскерге жарамдуу 25 миң адамды Кызыл Армиянын катарына чакыруу каралган. Аскерге чакырылгандардын саны 30 миңге жеткен ж-а О. Азиянын тарыхында К. А. у. б. биринчи жолку чакырылган туруктуу аскер болуп эсептелет. О. Азия аймагындагы басмачыларды ж-а контррев-ялык кыймылды басуу үчүн пайдаланылган (к. Басмачылык).


Ад.: Великая Октябрьская революция и граждан­ская война в Киргизии (1917–1920 гг.). Документы и материалы. Ф., 1957; Баялинов К. Боордоштор. Ф., 1962; История Киргизской ССР с древнейших времен до наших дней. В 5-и томах. Т. 3. Ф., 1986.

Б. Сатаров.