КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР ӨРӨӨНҮ
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР ӨРӨӨНҮ – Түш. Кырг-ндагы табигый кооз жер. Базар-Коргон р-нунун аймагында. Батышынан Бабаш-Ата, түндүгүнөн Исфан-Жайлоо ж-а Кеңкол, чыгышынан Тогуз- Булак тоолору м-н чектешет. Уз. 32 км, туурасы 16 км. Арстанбапка жанаша жатып, Базар- Коргон кыш-нан 55 км аралыкта. Деңиз деңг. орт. бийикт. 2905 м, эң бийик жери 3754 м (Айлампа чокусу), эң жапыз жери 1000 м. Түрдүү түстөгү чөкмө тоо тектерден (кумдук, акиташ теги ж. б.) турган кокту-колоттуу бөксө тоолор 2100 мге чейинки аймакты ээлейт. Бийиктеген сайын мезозой-кайнозойдун кызыл, күңүрт-кызыл ж-а боз түстөгү чөкмөлөрү азайып, палеозойдун акиташ, кристаллдуу сланец тоо тектеринен турган аскалуу тоолор басымдуу. Климаты мелүүн континенттик, жаан-чачындын таралуу режими б-ча жер ортолук деңиздик климатка окшош. Январдын орт. темп-расы –4... –8°С, июлдуку 15–20°С. Жылдык жаан-чачыны 700–900 мм, андан бийигирээк жерлеринде 1200 ммге чейин.

Кышында кар калың түшөт. Өрөөндөгү суулардын башаттарында чакан мөңгүлөр (Ак-Коргон ж. б.) бар. Суулары (Кара-Үңкүр, Күрөбөс, Күмүш, Шайдан ж. б.) Кара- Дарыянын алабына кирет. 1840 м бийикте жайгашкан Кеңкол көлү (аянты 0,1 км2) – Түш. Кырг-ндагы кооз көлдөрдүн бири. Кооз ландшафттын мындай жыш өскөн жаңгак-жемиш токою – неоген мезгилинде жылуу субтропиктик климаттык шартта өсүп, ыңгайлуу орогр. ж-а климаттык шартка байланыштуу сакталып калган жазы жалбырактуу токой флорасынын өкүлү. Арстанбап, Кара-Алма, Сары-Челектеги токойлордон К.-Ү. ө. кооздугу м-н өзгөчөлөнүп турат. Бул жер жаңгак-жемиш токоюнун өтө жыштыгы ж-а кеңири аянтты ээлегендиги м-н айырмаланат. Анда жаңгактан башка алма, алмурут, бадам, өрүк, алча, карагат, айвансары, изирик, саскайың сыяктуу жапайы жемиш дарактары ж-а долоно, шилби, ит мурун, аса-муса, тал сыяктуу дарактар, бадалдар өсөт. Бийиктеген сайын жаңгак токою суюла баштап, 2100 мден өйдө жолукпайт. Андан жогору шалбаалуу карагай токою, субальп ж-а альп зоналары мүнөздүү. Кеңкол суусунун боюнда карагай токою бар. К.-Ү. ө. эс алууга ж-а туризмге ыңгайлуу. Кызыл-Үңкүр токой чарбасынан жаңгак, алма, алча ж. б. мөмө жемиштер жыйналат. Өрөөндө Кызыл-Үңкүр, Ак-Булак, Катар- Жаңгак кыш. жайгашкан.
Ад.: Герасимов И. П. Рельеф и геологическое строение районов плодовых лесов Южной Киргизии. М.; Л., 1948; Лавриенко Е. М., Соколов С. Я. Растительность плодовых лесов и прилегающих районов Южной Киргизии // Плодовые леса Южной Киргизии и их использования. М.; Л., 1949.