КЫЗЫЛ-ЭШМЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-ЭШМЕ – Ош обл-нун Чоң Алай р-нундагы кыштак. Чоң Алай айыл округуна караштуу. Кызыл-Суу суусунун боюнда, деңиз деңг. 2500 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Коргон кыш-нан 11 км. Ош т. ж. бекетинен 325 км. Кыштак 1950-ж. негизделген. Калкы 1171 (2009); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мечит бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, ФАП, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.