КЫЗЫЛ-ЧАРБА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ЧАРБА – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Салам-Алик айыл округуна караш­туу. Жазы суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1220 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 28 км чыгыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 78 км. Калкы 1086 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, клуб бар.