КЫЗЫЛ-ТУУ 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-ТУУ , К о ж о - А т а – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Кызыл-Туу айыл округунун борбору. «Аркыт» токой чарбасынын аймагында, Сары-Челек суусунун боюнда, деңиз деңг. 1090 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 58 км түн.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 58 км. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 1913 (2009); негизинен эчки багат. Орто мектеп, кесиптиктех. окуу жайы, бала бакча, мад-т үйү, 2 китепкана, ФАП бар. Кыштакта «Сары-Челек» туристтик базасынын кеңсеси орун алган. Гражд. согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.