КЫЗЫЛ-СУУ 5

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-СУУ – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыштак. Алмалы айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1300 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору ж-а т. ж. бекети Кемин шаарчасынан 25 км түш.-батыш тарапта. Кыштак 1919-ж. негизделген. Калкы 1430 (2009); неги­зинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча бар. Турмуш-тиричилик кызматы­нын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, мончо иштейт. Кыштакта белгилүү комузчу С. Токтакунова туулган.