КЫЗЫЛ-СУУ 3

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-СУУ – Жалал-Абад обл-ндагы кыштак. Жалал-Абад ш-на караштуу Т. Тайгараев атн. айыл округунун курамына кирет. Кызыл- Суу суусунун боюнда, деңиз деңг. 1740 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад ш-нан ж-а т. ж. бекетинен 70 км чыгыш та­рапта. Калкы 691 (2009); негизинен мал (жылкы, топоз) чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар.