КЫЗЫЛ-СУУ 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-СУУ – Кемин р-нундагы суу. Чүй д-нын сол куймасы. Уз. 36 км, алабынын аянты 171 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2500 м. Төрт чоң куймасы бар. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат да, кууш капчыгай аркылуу агып, Чүй өрөөнүнө чыгат. Жылдык орт. чыгымы 1,46 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Кызыл-Суу кыш. орун алган.