КЫЗЫЛ-СУУ МӨҢГҮСҮ 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-СУУ МӨҢГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сары-Жаз суусунун оң куймасы – Үч-Көлдүн башында жайгашкан. Уз. 5,4 км, аянты 5,1 км2. Башы деңиз деңг. 4590 м, этеги 3970 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Колпаковский мөңгүсүнүн батышындагы тепши сымал өрөөндүн төрүндөгү денудациялык бетте жатат. Этегинин калыңдыгы 85 м. Мөңгүдөн башталган суу Үч-Көл суусунун жогорку агымы Сары-Чатка сол жактан куят.