КЫЗЫЛ-СУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-СУУ МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы дендрит тибин­деги көп тармактуу мөңгү. Уз. 16,9 км, аянты 43,0 км2. Кызыл-Суунун (чыгыш) башында жай­гашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 6610 м, эте­ги 3780 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4560 м, абляциясынын аянты 12,9 км2. Фирн облусу төрлөрдө жатат. Этеги морена м-н текши капталган. Мөңгүдөн Кызыл-Суу (чыгыш) башталат.