КЫЗЫЛ-СУУ КОЛТУГУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-СУУ КОЛТУГУ – Ысык-Көлдүн түш. жээгиндеги буйтка (булуңча). Жети-Өгүз р-нунун аймагында. Кууш кысык аркылуу Кара-Булуң м-н туташат. Жазылыгы 150 м, уз. 1300 м; аянты 1,5 км2. Чыгыш жээги жапыз, саздак, түндүгү м-н батышы тик, камыштуу. Колтукка Чоң ж-а Кичи Кызыл-Суу суулары куят. Түбү күкүрттүү суутек жыттанган баткак м-н текши капталган. 4–5 м тереңдикке чейин балыр өсүмдүктөрү өсөт. Алар – сазан балыгынын негизги азыгы. К.-С. к. шамал ж-а толкундан ыктоо жайгашкандыктан, кеме токтоочу жай курулган. Батыш жак тектиринде учук оорусун дарылоочу санаторий бар.