КЫЗЫЛ-СЕҢИР 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-СЕҢИР – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Кызыл-Туу айыл округуна караштуу. Райондун борбору Сузак кыш-нан 18 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 15 км. Кыштак 1790-ж. негизделген. Калкы 2835 (2009); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китеп­кана, ФАП, мечит, мончо, стадион ж. б. бар.