КЫЗЫЛ-ОРДО ОБЛУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ОРДО ОБЛУСУ Казакстан Респ-нда. Облус 1938-ж. 15-январда уюшулган. Аянты 226,0 миң км2 (Казакстандын жеринин 8,3%и). Калкы 607,1 миң (2004). Борбору – Кызыл-Ордо ш. Адм.-айм. жактан 7 районго, 3 шаарга бөлүнөт.
Облустун экол. абалы кийинки жылдары Арал деңизинин тартылышынан, Байкоңур космодромунун таасиринен уулуу заттар абага тарап, начарлоодо. К.-О. о. Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында, Арал деңизинин чыгыш жагында, негизинен Туран ойдуңунун чегинде (бийикт. 50–200 м) жайгашкан. Климаты кескин континенттик ж-а өтө кургак. Январдын орт. темп-расы 13°С, июлдуку 42–44°Сге чейин жетет. Кум 60–70°ка чейин ысыйт. Жылдык жаан-чачыны 100–115 мм. Облустун аймагында Арал деңизинин түн.-чыгыш бөлүгү жатат. Ири дарыясы – Сыр-Дарыя. Туздуу көлдөрү көп. Жеринин көп бөлү­гүн кум ээлейт. Бир аз шыбак, бетеге, шор өсүм­дүктөр, жазында эфемерлер; ойдуңчаларында төө куйрук, буудайык, кум дөбөлөрдө ак сөксөөл, жылгын, шыбак, Сыр-Дарыянын жайылмасын­да шалбаа өсүмдүктөрү, кээде токой ж-а бадал­дар (тал, жийде), дельтасында ж-а суу жээкте­ринде калың камыш өсөт. Кен байлыктарынан аш тузу, сульфат, мирабилит, кварц куму, гипс, алебастр, акиташ теги казылып алынат. О. эле күрөң көмүрдүн, түстүү металлдардын, нефть ж-а газ кендеринин запасы бар.
Тамак-аш (балык, күрүч актоочу, пиво кай­натуу, арак з-ддору, эт, сүт, нан комбинаттары, тегирмендер) ө. ж-нын башкы тармагы. «Кызылордокүрүчмаш» АК, курулуш материалдар ж-а курулуш, Арал туз комбинаттары, бут ки­йим, токулбаган кездемелер ф-касы бар. А. ч-га жарактуу жери 10 млн га, а. и. 8 млн гасына дан эгиндери айдалат. Сугат жери 215,0 миң га. Облус Казакстанда жыйналган күрүчтүн 80%ин берет. Мал чарбасында негизинен каракөл коюн багуу өнүккөн. Облустун чарбачылыгына, калк­тын жашоо тиричилигине Арал апааты өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Ун-ттер, ин-т, драма театры, филармония ж. б. бар.


Ад.: Кызыл-Ордо облусу // Казакстан улуттук энциклопедиясы. 6-т. Алматы, 2004.