КЫЗЫЛ-ОМПОЛ УРАН КЕНДЕР ТОБУ
КЫЗЫЛ-ОМПОЛ УРАН КЕНДЕР ТОБУ Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нунда, Кызыл-Омпол тоосунун түн. капталында, деңиз деңг. 1640–3000 м бийикте. 1950–57-ж. чалгындалган. Аймак пермдин гранит, сиенит, сиенит-диорит, граносиенит интрузиялары, кварц, диорит-порфирит, сиенит-порфир, порфирит, лампрофир дайкалары жиреп өткөн протерозой, ордовик, девон, карбон катмарларынан түзүлгөн. Кен граносиенит м-н дайкалардагы талкаланган аймактардын гидротермдик өзгөрүүсүнө байланышкан. К.-О. у. к. т-н Капчыгай, Көк-Мойнок, Ачык-Таш кендери, Суулуу-Сай, Узун-Сай кенчелери түзөт. Кен минералдык зона ж-а дайка тибине, гематитнастуран формациясына кирет. Негизги минералдары: настуран, уран көөсү, пирит, отенит, уранофан, гиамит, шрекингерит, казалит, галенит, гематит ж. б. Урандын кенташтагы орт. өлчөмү 0,052%, запасы ж-а ресурсу 4150,548 миң т, уран 2166,51 т.