КЫЗЫЛ-ОМПОЛ НОРДМАРКИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ НОРДМАРКИ́Т КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нунда, Көк-Мойнок кыш-нан 26 км түш.-батыш тарапта, Кызыл-Омпол тоо­сунда. 1966-жылдан белгилүү. Кен аймагында таш көмүр, пермь мезгилдеринде пайда болгон кызыл-омпол сиенит массиви жатат. Нордмар­кит массивдин бир фазасында пайда болгон. Өңү бозомук, көгүлтүр, кызгылт болуп, анортоклаз, биотит, роговая обманка ж. б. минералдан ту­рат. Бул минералдардын ичинен анортоклаздын кристаллдары башкаларга караганда бир нече эсе чоңдук кылып, нордмаркиттин порфир сыяктанган негизги түзүлүшүн пайда кылат.
Уз. 25 см, туурасы 5–10 смге жетип, жылмалагандан кийин кубулжуп, өтө кооз көрүнөт. Нордмаркит Кызыл-Омпол сиенит массивинин негизги бөлүгүн түзүп, узун-туурасы бир нече кмге жеткен аймакты ээлейт. Имараттардын ички, тышкы дубалын, таманын кооздоп каптоого жарамдуу.