КЫЗЫЛ-ОМПОЛ
КЫЗЫЛ-ОМПОЛ – Ички Теңир-Тоодогу тоо, Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш уландысы, Ысык- Көл ойдуңунун батышында. Уз. 20 км, туурасы 13 км. Деңиз деңг. орт. бийикт. 2900 м, эң бийик жери 3183 м. Негизинен палеозой заманынын аягында пайда болгон интрузия тоо тектеринен (сиенит, гранит-сиенит, гранит ж. б.) турат. Жер бети денудациялык байыркы процесстер м-н бир кыйла түзөңдөлгөн. Капталдарынын тиктиги 25–38°ка жетип, терең эмес кургак коолор м-н тилмеленген. Түн. ж-а чыгыш бетинде ири шагыл конустары бар. Батышы улам жапыздап, Көк-Мойноктун белине өтөт, чыгышы Ысык-Көл ойдуңуна карай чөгүп кетет. Неотектон. тиби б-ча – брахиантиклиналь.
Мөңгү жок. Ландшафтына кургак талаа (түн.), жарым чөл (түш.) ж-а талаа (батыш) мүнөздүү. Сейрек кездешүүчү металлдар ж-а курулуш материал кендери (Кызыл-Омпол нордмаркит кени, Кызыл-Омпол уран кендер тобу) бар.