КЫЗЫЛ-КӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-КӨЛ – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Кара-Суу айыл округуна ка­райт. «Аркыт» токой чарбасынын аймагында, деңиз деңг. 1100 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Кербен ш-нан 80 км түн.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 55 км. Калкы 1008 (2009); негизинен токой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.