КЫЗЫЛ-КЫЯ 2

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-КЫЯ – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Бүргөндү айыл округуна караштуу. Майлуу-Суу суусунун өйүз-бүйүзүндө, деңиз деңг. 750 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш-нан 40 км түн.-батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 90 км. Кыштак 1936-ж. негизделген. Калкы 1042 (2010); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Кыштактын чегинде Майлуу-Суу плотинасы курулган. Андан Бүргөндү ж-а Момбеков айыл өкмөттөрү суу алат.