КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААР КАЛДЫГЫ – IX–XII кылымдарга таандык кен казуучулар турган журт. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жайгашкан. Анын төрт дубалын бойлото турак жайлар, ички бөлүгүндө короо болгон. Чопо идиштер, жаргылчактар жана жаныбарлардын сөөгү табылган. 1974-жылы археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген.