КЫЗЫЛ-КЫШТАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-КЫШТАК – Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Кызыл-Кыштак айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 860 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу ш-нан 25 км түн.-батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 5 км. Калкы 10830 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында ж-а соода тармагында эмгектенет. Эки орто мектеп, 2 китепкана, мад-т үйү, ме­чит, тегирмен, оорукана, амбулатория, дарыка­на ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, кичи ишканалар (тигүү, автомобиль оңдоочу ж. б.), май ж-а ак жуаздар, бир нече соода ж-а тамактануу жайлары, базарчалар иштейт.