КЫЗЫЛ-КУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-КУМ – Орто Азиядагы чөл, Аму-Дарыя м-н Сыр-Дарыянын аралыгында, Өзбекстан, Казакстан, бир аз бөлүгү Түркмөнстандын ай­магында. Түн.-батышынан Арал деңизи, түн.-чыгышынан Сыр-Дарыя, чыгышынан Теңир-Тоо ж-а Памир-Алайдын тармактары, түш.-батышынан Аму-Дарыя м-н чектешет. Аянты 300 миң км2. Деңиз деңг. 300 м бийикте жаткан түздүктөрдөн (түш.-чыгышында), айрым туюк ойдуңдардан ж-а бири-биринен обочолонуп жай­гашкан, кокту-колоттуу (бийикт. 922 мге чейин) калдык тоолордон (Букан-Тоо, Тамды-Тоо, Кул­жук-Тоо, Султануиздаг ж. б.) турат. Кен бай­лыктары: алтын (Мурын-Тоо), газ (Газли). Түзөң бөлүктөрү чоподон ж-а кумдан турат, такыр жерлер көп. Аймагынын көп бөлүгүн кум мас­сивдери (жалчалар) ээлейт. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы – 9°Сден 0°Сге чейин, июлдуку 26–29°С. Жылдык жаан-чачыны 200 мм. Агын суулары жок, бирок кыртыш сууларынын запасы мол. Топурагы бозомук-күрөң, кумдуу, шор жерлер да кез­дешет. Чөп өсүмдүктөрүнөн эфемер м-н эфемероиддер басымдуу. Кум жалчаларында кум ыраңы, ак сөксөөл, кандым, черкез, таштуу дөңсөөөрдө шыбак ж-а шыбак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жайытка пайдаланылат. К.-К-да Кара- Көл, Кызыл-Кум, Бадай-Тугай, Варданзи коруктары бар.