КЫЗЫЛ-КОБА МАДАНИЯТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-КО́БА МАДАНИЯТЫ – коло кылымына таандык (биздин заманга чейинки IX–VI кылымдар) Крымдагы археологиялык эстелик. Симферополго жакын Кызыл-Коба үңкүрүнүн атынан аталган. Тургун жайлар жана көрүстөндөр бар. Калкы малчылык жана кетмен­деп жер иштетүү менен кесип кылган.