КЫЗЫЛ-КЕЧИТ ОПАЛ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-КЕЧИТ ОПА́Л КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нунда, Сумсар шаарчасынан 5 км аралыкта, деңиз деңг. 1140–1170 м бийикте жайгашкан. 1985-ж. табылып, изилденген. Опал желвактары 10–15 см өлчөмдө, кызыл түстүү бухара ж-а сузак терриген катмарларындагы мергель кабатында учурайт. Опалдын өңү түтүндөй боз, кара боз, көгүш боз, кызгылт боз. Зергерликте керектелчү кооз таш катары колдонууга жарамдуу. Болжолдуу ресурсу 2250 м3.