КЫЗЫЛ-КАПЧЫГАЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-КАПЧЫГАЙ , Ж е р - К а п ч ы г а й – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Жерге-Тал айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1430 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 15 км түн. тарапта. Шамалды- Сай т. ж. бекетинен 91 км. Кыштак 1935-ж. негизделген. Калкы 1194 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Кайналы өстүрүлөт. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Соода түйүндөрү иштейт.