КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ 2

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ – Нарын обл-нун Жумгал р-нундагы кыштак. Кызыл-Жылдыз айыл ок­ругуна караштуу. Жумгал суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1610 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыш-нан 5 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 185 км. Кыштак 1927–28-ж. негизделген. Калкы 1667 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.