КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ , К а р а-Ч и й – Нарын р-нундагы кыштак. Жерге-Тал айыл округуна караштуу. Нарын д-нын оң өйүзүндө, деңиз деңг. 2120 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 31,5 км түн. тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 148,5 км. Кыштак 1965-ж. негизделген. Калкы 1257 (2009); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Эки тегирмен, мончо, ФАП иштейт.