КЫЗЫЛ-ЖАР 2
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-ЖАР – Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нундагы кыштак. Үч-Коргон айыл округуна караштуу. Көл-Кайыңды суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 2110 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыш-нан 105 км түш.-чыгыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 193 км. Калкы 1051 (2009); негизинен мал багат. Басмачыларга каршы күрөштө курман болгон Сагындык Төрөкановго эстелик тургузулган. Кыштакта кыргыз эл акыны С. Жусуев туулган.