КЫЗЫЛ-ДӨБӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-ДӨБӨ – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Кара-Суу айыл округуна караштуу. Сөөк өрөөнүнүн оозунда, Сөөк суусунун боюнда, деңиз деңг. 2208 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 47 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 97 км. Кыштак 1937-ж. негизделген. Калкы 2085 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Соода түйүндөрү иштейт. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры Ш. Сыдыков туулган.