КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН (1958-ж. чейин К е д е й) – Чүй обл-нун Жайыл р-нундагы кыштак. Кызыл-Дыйкан айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1082 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору ж-а т. ж. бекети Кара-Балта ш-нан 25 км түш.-чыгыш тарапта. Кыштак 1935-ж. негизделген. Калкы 1117 (2009); негизинен мал ж-а дый­кан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.