КЫЗЫЛ-БУЛАК КӨМҮР КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-БУЛАК КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Алай -нунда, Сары-Могол сайынын чыгыш жагында, Алай кырка тоосунун түш. капталында, Кызыл-Булак сайында. Кенди жерг. эл 1993-ж. суурдун ийинин казууда ачкан. 1993-ж. издөө, 1994–95-ж. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. 1994-ж. көмүрдү «Кен» фирмасы ж-а «Ош-Пирим» АКы каза баштаган. Юра катмарында татаал түзүлүштөгү көмүрлүү бир кабат бөлүнгөн. Анын калыңдыгы 4,21 мден 74,41 мге чейин өзгөрөт. Сапаты б-ча көмүр 3Б маркасына таандык. Орт. күлдүүлүгү – 16,94%, орт. күйүү жылуулугу – 26,33 МДж/кг (6290 ккал/кг). Запасы 3710 миң т.