КЫЗЫЛ-БОЛОТ ОНИКС КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-БОЛОТ О́НИКС КЕНИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Кара-Бий кыш-нан 3 км түш. тарапта, Алай кырка тоосунун түн. этегиндеги Кызыл-Болот дөңсөөсүндө. 1982-ж. табылган. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон акиташ теги түзөт. Кен тектон. жаракалар м-н тилмеленип, аларды бойлой карст үңкүрлөрү орун алган. Үңкүрлөргө топтолгон кен эки түрдө кезигет. Биринчиси линза сымал катмар, калыңдыгы 0,5 м, уз. 20 м. Оникс ак, күрөң, сар­гыч, боз түстө, темгилдүү, кооз. Экинчиси салаңдаган ж-а шиш сыяктанган сталактит м-н сталагмит. Сталактиттин уз. 1,1–1,5 мге, диаметри 0,1–0,3 мге жетет. Оникстин өңү күрөң сымал сары, бозомук күрөң. Кооздугу б-ча жо­горку касиетке ээ. Блоктуулугу 20x20x20 см. Кендин запасы 15,0–16,0 м3.