КЫЗЫЛ-АСКЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-АСКЕР – Бишкек ш-нын батыш четиндеги мурдагы кыштак. 1912-жылдан – Чала-Казак кыштагы. 1913-ж. кыштакта 320 киши (48 түтүн, негизинен кыргыздар) жашап, дый канчылык м-н алектенишкен. А. ч. продукциясынын ашыгын Пишпек базарында сатышкан. К.-А. шаардын азык-түлүк базарларынын бири, 1939–59-ж. Фрунзе обл-ндагы Кызыл-Аскер р-нунун борбору болгон. 1962-ж. шаардын Ленин р-нунун курамына кирген. К.-А-дин аймагында 7–12-к-га таандык шаар калдыгы сакталган.